BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

АКШ шайлоосу: Кытай кайсыл талапкердин жеңишин каалайт?

АКШдагы президенттик шайлоого бүтүндөй дүйнө көз салып турат. Шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк экономикага жана дипломатиялык мамилелерге түздөн-түз таасир этет.

УКМК: Райым Матраимов 2 миллиард сом чыгымды төлөгөнгө даяр

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти "бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыштуу иш аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган" билдирди.

Башаламандык учурунда кыргыз экономикасы 8 млрд сомдон ашык зыян тартты

Бизнес ассоцияциялардын улуттук альянсы соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 10-октябрга чейин 8 млрд сомдон ашык зыян тартты дейт. Инвесторлор менен түзүлбөй калган келишимдерден 210 млн доллар өлкөгө түшпөй калганын билдирди.

А. Бейшеналиев: “COVID-19 дарылоого тармагыбыз бүт даяр”

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна жер-жерлерде стационарлар, дарыгерлер жана дары-дармектер жагынан толук даярдык бар деп билдирүүдө. Бул жөнүндө бул тармактын башына келген жаңы министр Алымкадыр Бейшеналиев Би-Би-Сиге берген биринчи маегинде билдирди.

Неандерталдардын генин алып жүргөн адамдарга Covid-19 оор тиет

Мадридде өкмөт жаңы карантин чараларын киргизүүдө, бирок шаар бийликтери каршы чыгууда. Ал эми Швейцарияда массалык иш чараларга кайрадан уруксат беришти. Германия менен Швециянын окумуштуулары неандерталдардын генине Covid-19 оор тиерин изилдеп чыгышты.

Аман калуунун аргасы: жаныбарлар дагы санаганды билет

Адам баласы үчүн сандарды өздөштүрүү чоң мааниге ээ эмеспи. Таң калыштуусу айрым жаныбарлар дагы математикадан кабары бар экен.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

  • Баяндаманы талдоо

    Жакшыны жакшы деп, жаманын түшүндүрүп туруу, кабарчынын чыгармачыл өнүгүүсүнө шык берет.

  • Өзгөчөлүү журналистика

    Биз жазган материалыбызга оригиналдуулук алып келүү үчүн журналисттик иликтөөлөр жана түшүнүктүү, жеңил жазуу ыкмаларын өздөштүрсөк болот. Социалдык медиа жана коммуникация өнүккөн заманда бул өзгөчө маанилүү.

  • Көз карандысыздык

    Ишенимге ээ болуш үчүн көз каранды эмес болууңуз шарт. Аудитория алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билиши керек.